Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин мамлекеттик 24 кызматкер жумуштан алынды

Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнөн кийин 2018-жылы мамлекеттик 24 кызматкер жумуштан алынган. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Депутат Тариэль Жоробеков Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин канча мамлекеттик кызматкер жазага тартылганына кызыкты.

"2018-жылы мамлекеттик мекемелердин 103 кызматкерине чара көрүлгөн. Өлкө аймагы боюнча 24 кызматкер жумуштан алынган. Алар көбүнчө эсепчи, аймактагы жергиликтүү бийликтин кызматкерлери", - деди Марипов.

"Текшерүү учурунда туура эмес жыйынтыктарды чыгарган Эсептөө палатасынын канча кызматкери иштен алынды?" - деп сурады депутат.

"Эсептөө палатасынын 2 кызматкери жумуштан кетирилип, 3-4 кызматкерге сөгүш берилген" деп кошумчалады Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JENTLEMAN
2019-06-19 13:26:48
Ошолорду жазгылада кимдер экенин!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан