Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын ортосундагы массалык мушташтан 1 адам каза болду

Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын ортосундагы массалык мушташтан 1 адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июнда таң эрте Москва шаарындагы "Электрозаводск" станциясында болгон. Кафеден чогуу чыккан бир нече адам өз ара чырдашып, мушташа кетишкен. Алардын баары мас абалында болгон. Жыйынтыгында 1 адам бычакталып каза болсо, дагы 3 адам ар кандай жаракаттарды алган.

"Күбөлөрдүн айтымында, мушташтын катышуучулары Кыргыз өлкөсүнөн келген жарандар болгон. Алар биргеликте "Ысык-Көл" ресторанынан чыккан. Каза болгон адамдын жансыз денесин "Тез жардам" кызматы алып кетти. "Ысык-Көл" рестораны учурда жабылып, полиция кызматкерлери иш алып барып жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bond02
2019-06-19 15:26:29
Баарын кармап депорт кылып жиберсе экен.
+21
Skarlett-Skarlett
2019-06-19 16:49:46
Жаман иш болуптур.Саяк журсон таяк жейсин.
+15
kyrgyz.93
2019-06-19 18:48:55
Президентке кайрылыш керек кафелерден баарын жабыш керек москвада
+13
Aidar.001
2019-06-19 21:37:49
kyrgyz.93,
Айтып коем го мен
+2
Rusi79
2019-06-19 21:40:42
Не дешти деле билбей калдын озу кафе ресторандын баары биздикилер,этика жонокой эле озун алып журуу деген ноль.кайда кетип баратабыз кыргыздар.
+4
dobrajelatel
2019-06-20 02:37:43
Кече эле айылдан келип, "торт тыйын" таап шаар меники деп опкосун кагып тырталандашат. Кайсы алына, кайсы арына дердендешет? Дагы орустар жаман дейбиз. Биз окшогон "дерденбай" канчалаган улутту батырып, жоосунсуз жоруктарына чыдаганына тан калам.
+10
dobrajelatel
2019-06-20 02:42:27
Мигрантсынбы меймандай жур. Бир адам бир улуттун кадыр-баркын алып журоорун унутпасак. Жакшылык-жамандыкта тиги Айдар же Кундуз дебейт Кыргыздар деп жалпы улуттун атын айтат.
+5
rafo80
2019-06-20 03:25:50
Өзү Ыссык Көл кафеси аябай тополоң кафе, жаап салса да болот эле.
+3
Ruslan-bel-oruk
2019-06-20 03:28:46
Жабыш керек кафелерди балдар эле емес кыздарда бузулуп кети кафелердин айынан барсан Кафеге бары мас олтурган болот жашы карысы аял эректин бары
+4
nemo2016
2019-06-20 11:10:23
Ыссыколду жаба албайт ал Москвадагы элчиликте иштеген адамдардыкы
+1
iliya
2019-06-20 12:36:54
Ошол Ыссык-Кол кафесин эчаак эле жаап салыш кк эле,ал жер кафе эмес эле диско клуб экен.Биздин посольсво ошол жерди текшергиле дегенде баары талапка жооп берет экен дешкен.Мына эми талапка жооп бергени,мындай кафелер толуп кетти москвада.Биз талап кылабыз жабылышын,админ ушул нерсени жеткирип койсонор устудогулорго.Биздин посольсвонун дагы алмашышын талап кылабыз,бир справка алыш учун бизден 6мин руб талап кылышкан.Ал справка Бишкекте 500сом эле болот экен гос пошлинасы.
+1
Tursunai-1995
2019-06-20 13:45:52
Кафелерди жабыш керек москвадагы
+1
Defend.
2019-06-20 14:43:50
Кафелерди жап жап дебей ал кафелерге барбай эле койгулачы, барсаңар дагы тамагын жеп арагын ичпей эле койгула. Балеенин баардыгы ушул арактан башталып жатат.
0
nur...nur.
2019-06-20 14:46:53
Ыссык кол кафеси чынында тополон кафе
0
Ali-han
2019-06-20 15:20:18
Кафелерди жабыш керек. Өтө көбөйүп кетти. Ар бир метродо 2-3төн кафелер кыргыздардыкы. Башка улуттарга уят болмой болдук!!!
0
orun
2019-06-22 23:43:29
Кыргыздардын кафе ресторандарынын баарында пиво, ичимдик ичилип, дискотека уюштуруп тоз тополоңу чыгат. А өзүбектер халял деп кафе, чайкана, самсаканаларды ачып койгон, өтө тынч. Адамдар тыынч келип, курсактарын тойгузуп, баарлашып, көңүл ачып олтуруп тыынч кетишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан