Бишкектен Аксыга келип дарыяга түшүп кеткен 3 кыздын бири изделип жатат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 15 жаштагы кыз Нарын дарыясына түшүп кетип 4 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы Нарын дарыясына 15 жаштагы Д.З. түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМдан жалпы 17 куткаруучу тартылып, алардын ичинен 8и кайык менен Нарын дарыясы аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүшүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Кызды издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургун айыл жашоочулары дагы издеп жатышканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Дарыядан изделип жаткан кыз айылга борбордон таенесинин кыркылыгына ата-энеси менен келиптир. Кыздын сууга түшүп кеткенин укканда эле айылдагылар чогулуп, издөө иштерин жүргүздүк. Бирок майнап чыккан жок. Азыр да айылдагылар издеп жатышат", - деди ал.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Нурбек Мураталиев жоголгон кыз коңшу Өзбекстандын аймагынан дагы изделип жатканын айтат.

"Нарын дарыясы коңшу өлкөгө да агып киргендиктен чек ара кызматы менен сүйлөшүү жүрдү. Кечээ, 18-июнда 6 суучул, 4 куткаруучу коңшу өлкөгө өткөрүлүп, кызды издешти. Бирок натыйжа болгон жок. Кыз айылга Бишкек шаарынан келген. Борбордон чогуу келген туугандарынын 2 кызы болуп күн ысыкта дарыяга барышкан. Суунун агызып кетерин билбей түшүшкөн окшойт. Кыздардын сууда агып бара баратканын алгач айыл тургуну көрүп калган. Ал 2 кызды куткарып, үчүнчүсүн куткара албай калган. Суунун терең жагына кирип кеткен окшойт. Ал убакта ата-энелери кыркылык өткөрүп жатышкандыктан кыздардын кайда жүргөнүн байкабай калышкан", - деди айыл өкмөт башчы.

Издөө иштери бүгүн, 19-июнда дагы уланууда, бирок кыз табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Skarlett-Skarlett
2019-06-19 20:07:28
Апасына кыйын болуптур(((((
+10
Chungyz
2019-06-19 20:12:56
Латокто кирингиле шыйпыр тосуп
+6
Nestana95
2019-06-19 20:22:57
Нарын суунун суру бар го жакындаганда,буркан-шаркан тушуп,озуно бир коркунуч м.н тартып турат...,,бекеринен айтпайт да Нарын суу ажалдын суусу деп...канча киши жоголот.....журок зыркырайт уккан сайын,,,,,
+2
ALMAAAN
2019-06-19 21:08:59
Ата энесине сабыр((
+7
Aidar.001
2019-06-19 21:35:05
Суудан мен да аябай корком
+4
Sabyr_Baymatov
2019-06-19 23:10:08
Супер 15 эмес 13 жашта.
0
admin_media
2019-06-20 18:04:31
Sabyr_Baymatov,
Саламатсызбы! ӨКМнын басма сөз кызматы 15 жашта деп билдирген.
0
Jasa
2019-06-20 19:17:17
Окунучтуу ото окунучтуу апасы кантти экен байкуш
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан