Ырчы Илгиз Абдалиев: "Сүйлөшкөн кызым 19 жашта. Жакында баш кошобуз"

Ырчы Илгиз Абдалиев жакында бойдокчулук менен коштошот. Ал болочок жубайы менен 8 айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтат. SUPER.KG порталы ырчынын тойго даярдыгы тууралуу сүйлөштү.

"27-июлда атам 50 жашка чыгат. Атамдын туулган күнүндө үйгө келин алып барсамбы деп ойлоп жатам. Азырынча кайсы күнү үйлөнөбүз так чече элекпиз. Кызды үйүнөн алып кетип, тойчук беребиз. Үлпөт той өткөрбөйбүз. Айылга чоң там салганбыз. Эки тойду чогуу эле өткөрсөкпү деп кеңешип жатабыз.

Ал эми сүйлөшкөн кызым тууралуу айтсам, жашы 19да. Нарында төрөлгөн, бирок Бишкек шаарында чоңойгон. Сулуулук салонунда иштейт. Экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Социалдык тармактардын биринен таанышып, сүйлөшүп жүргөнбүз. Ортодо 2 жыл сүйлөшпөй калганбыз. Бирок менин социалдык тармактагы баракчама кирип, менин кайда жүргөнүмө, эмне кылып жатканыма көз салып жүрүптүр. Мен дагы баракчамдан байкап калып акыбалын сурап жаздым. Менин кабар алганыма кубанып, экөөбүз кайра табышып калдык", - дейт ал.

Илгиз Абдалиев "Сүйкүм сүйүүм, ай", "Апакем", "Кыргызда болсун дагы той", "Гүлдөй, гүлдөй", "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим", "Саманчынын жолу" жана башка ырлардын аткаруучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
rejepova
2019-06-20 10:47:15
Ой тообо адашпасам январь айында уйлонду элего. Эки жылдан бери суйлошуп жургону кызык экен
+1
Бактыгүл Момбекова
2019-06-20 10:54:46
rejepova, Саламатсызбы. Ырчы 2018-жылдын 9-августунда үйлөнгөн.
https://www.super.kg/kabar/news/241083/
+4
tavanova.sarah
2019-06-20 12:55:13
Олдуго))
Байкап журуптур тытыпыты дебейле койсо болмок. Типа аркаман жугурду депле коюптур. Озунчоле звезда бул дагы!..
+12
dosym
2019-06-20 13:30:40
Ким бул??????????
+12
erkinali858585
2019-06-20 13:30:56
Ырчылар таксистерден да көбөйүп кеттиго
+16
senchi
2019-06-20 23:34:44
erkinali858585,Хаха эң туура
+1
elmira.
2019-06-20 14:43:01
Бир жылга жетпей дагы уйлонуп жатабы.?
+7
Merelisha
2019-06-20 22:29:10
Тообо кылдым
+3
katerina.li
2019-06-20 23:11:07
Баягы эле сулуулук салон.
+3
katerina.li
2019-06-20 23:13:03
Анттик,минттик депеле жаза бериптир.
+5
taalay25
2019-06-20 23:36:49
Эс алчы братишка жеке жашоонду мактана бербей! Биринчиси болбой калгандан кийин экинчисин сыр сактада. 19 жашта, жакында уйлонобуз-деп биринчисин ичин куйгузойун дейсинби?
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-20 23:53:52
Бул үйлөнгөн эле го?
+3
aigulu
2019-06-21 07:50:51
Baktyluu_bolgum_kelet,Ажырашып кетиптир
+3
Klaridze
2019-06-21 19:16:51
Шумшук десе бир кызды бактысыз кылып коюп,чон иш кылчудай болуп мактаныптыр го...
+3
AKKORD__2019
2019-06-21 21:46:23
Атайылап жашына басып берип мактанган го.Бир аялды эптей албасан экинчисин жыргатмак Белен?
Патриот болмуштар ушуга окшоп кыздардын бактысын талкалагандарга бир нерсе кылса болмок?Кыздарга алы жетет да алардын да
Муну окуган биринчи аялын элестетип жаман болуп атам,ичи орттонуп,журогу тилинсе керек.Сабыр,сабыр жана дагы сабыр тилейм
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан