Тамада, күлкү жаратуучу Кадыр Жарматовдун жубайы көз жарды. SUPER.KG порталы Жарматовду куттуктап байланышканда чыкканда буларга токтолду.
"Бүгүн, 19-июнда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде жубайым көз жарды. Салмагы 3 жарым килограмм болду. Мен "Көңүлдүү жигиттер" менен жайкы фестивалга Ысык-Көлгө келгем. Жубайым менен уулумдун жанында кайненем бар. Азырынча ысымын ким деп коёрубузду сүйлөшө элекпиз", - дейт ал.
Кадыр Жарматов менен жубайы 1 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.