"Люктун үстүнө асфальт төшөлүп, кайра казылып жатат". Буга Бишкек мэриясынын жообу

"Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүү учурунда Жибек Жолу кең көчөсүндө жайгашкан люктардын үстүнө асфальт төшөлгөн, азыр эми кайра асфальтты бузуп люктарды издешүүдө", - деген кеп социалдык тармактарда тарады.

Бул боюнча Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына маалымат берди.

"Азыр "Бишкек асфальт сервис" ишканасына барып адистер менен жолугуп тактап келе жатам. Алар боору эзилип күлүп жатышат. Биздин Бишкек шаарынын тургундарына эптеп эле бир сөздү тапса болду. Технологиялык процесс боюнча мындайда биринчи асфальт капталат. Асфальт төшөөчү машина биринчи толугу менен аны төшөйт, андан кийин люктарды ачат. Ошол жумуштарды эле жасап жатышат. Бул технологиялык процесстин бир түрү", - деди Алмамбетова.

ШКУнун саммитине даярдык көрүү учурунда жасалган иштердин көпчүлүгү социалдык тармактарда сынга кабылган. Алардын бири Киев көчөсүндө жайгашкан баннер илинген үй болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-06-20 13:44:03
Койчаай люкту баары бир калтырат да.Сен суйлобой эле кой сага жарашпайт суйлогон только согунушун керек
+3
FC-Abdish-ata
2019-06-20 18:08:31
Туура СССР замандан бери эле асфальт жабылат анан люк казылып алынат. Бизде илгерки система онуккон олколордо башкача болсо керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан