Германия менен Польшанын чек арасынан рекорддук көлөмдөгү баңги заты аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Германия өлкөсүнүн укук коргоо органдары билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, унаа Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, 31-майдан 1-июнга караган түнү Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынган. Анда 670 килограмм баңги заты Польшадан Германияга алынып бара жаткан. Таңгакталган жүктө "Түркиянын балы" деп жазылган. Жалпысынан 531 таңгак текшерилип, анын ар биринде 1,3 килограмм баңги заты болгон.
Болжолдуу маалыматтар боюнча аны Бельгияга жеткирүү планы болгон. Ошондой эле мындай чоң көлөмдөгү баңги заты Германияда биринчи жолу кармалып жатканы да жазылат.
Грузиянын номери тагылган жүк ташыган унааны 63 жаштагы түркиялык айдоочу айдап бара жаткан. Ал окуя болгон жерден кармалып, баңги затын ташып бара жаткан айдоочу шектүү катары камакка алынган. Айдоочу алгачкы көрсөтмөсүндө унаада баңги заты жүктөлгөнүн билбегендигин айткан.
Унаадан алынган баңгизат халванын ичине салынып даярдалган.