Чүйдүн Жайыл районунда эркек киши сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июнда Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан эркек кишинин сабалганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Маалымат боюнча барган ыкчам-тергөө тобу жабырлануучунун аты-жөнүн аныктап, ал 50 жаштагы Жекен айылынын тургуну болгон.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 138-берене "саламаттыкка оор залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 52 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.