Орусияда массалык мушташтан каза болгон жарандын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын ортосундагы массалык мушташтан бир адам каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июнда саат 05:30 чамасында Москва шаарынын “Электрозаводск” метросунун айланасында болгон. Анда М.Н. аттуу Кыргыз жараны каза болгон. Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын тергөө комитети "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Азыркы учурда шектүү жарандарды кармоо иштери башталып, маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер жасалууда деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

19-июнда таң эрте Москва шаарындагы "Электрозаводск" станциясында кафеден чогуу чыккан бир нече адам өз ара чырдашып, мушташа кетишкен. Алардын баары мас абалында болгон. Жыйынтыгында 1 адам бычакталып каза болсо, дагы 3 адам ар кандай жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuyoo_bala
2019-06-20 10:13:49
Уят
0
Koichuman
2019-06-20 11:47:43
Кыргыздар кобуп тунку клубдарга коп барышат, ХХХХХ журушбойт талада
0
Goodyer
2019-06-21 08:18:44
Кыргызга душмандын кереги жок болуп калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан