Депутат Эмил Токтошев таштандыларды иштете турган ишкана куруу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыргыз мамлекетин Швейцарияга айлантабыз деп айтабыз. Чынында эле ошондой кыла алабызбы? Айланабызда жаткан таштандыларды кантебиз? Борбор шаардын ичи анча-мынча тазаланып жатат. Бирок шаардан чыксаӊ эле жолдун жээги таштандыга көмүлүп калганын көрөсүӊ. Качан жыйналат? Таштандыдан арылуу үчүн биринчи кезекте таштандыларды иштете турган ишкана куруу зарыл. Бул багытта тезинен чараларды көрүү керек", - деди депутат.