Германияда табылган 670 килограмм баңгизаты. ИИМ "Элит Шоко" кондитер цехинин ээсин суракка чакырды

Германия менен Польшанын чек арасынан аткезчилик жолу менен ташылып бараткан 670 килограмм баңгизаты табылып, жүктү алып бара жаткан унаа Кыргыз өлкөсүнөн чыкканы айтылган.

Ал эми бүгүн, 20-июнда бул факты боюнча Ички иштер министрлигине Бишкектеги "Элит Шоко" кондитердик цехинин ээси Аида Жолдошева суракка чакыртылды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Айрым жергиликтүү маалымат булактар "Элит Шоко" кондитер цехи 20 тонна халва жана лукум сыяктуу таттууларды 16-майда Бельгияга жөнөткөнү боюнча документти жарыялашты.

Ошондой эле жүк ташыган унаанын айдоочу 63 жаштагы Өзөн Сүлейман көп жылдан бери Бишкекте жашап "Элит Шоко" кондитер цехинде иштеп жүргөнү айтылууда.

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан жүк ташыган унаа 31-майдан 1-июнга караган түнү Германиянын Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынып, унаада 670 килограмм баңги заты табылган. Таңгакталган жүктө "Түркиянын балы" деп жазылган. Жалпысынан 531 таңгак текшерилип, анын ар биринде 1,3 килограмм баңги заты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kristianuronaldu
2019-06-20 18:13:29
Буга окшогон кылмыш фактылар кыргыз өлкөсүнө еле минус.
+1
Kalemkash
2019-06-21 08:47:32
Суракка чакырбай андайды деген иштеп жаткан жеринен текшеруу жургузуш керек экенин биздин ишенген ИИМ билбейт окшойт
0
Aiymkunumjyldyzym
2019-06-21 14:09:02
Айдоочунун эле шору.Кантип ушундай тобокелчиликке барышты экен.Бул бир эле кишинин иши эмес да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан