Ашказанын күйгүзүп, 10 күнгө жакын убакыт комада жаткан орусиялык музыкант Бари Алибасов уулуна мурас калтырбай турганын айтты. Буга Алибасов комада жаткан учурда уулу жергиликтүү басылмаларга атасы тууралуу маалымат таратканы себеп болгон.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, музыканттын уулу атасынын атактуулугунан пайдаланып каражат тапкысы келген.
"Менин атымды пайдаланып акча таба берсин. Мен ага деген бардык мурасымды кайра алам. Уулума деген мурасты балдар үйүнө, жаныбарлар багылган жайларга берем" деген ачуусу келген Алибасов.
Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Абалы оор болгондуктан Склифосовский атындагы медициналык борбордун жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан.