Базар-Коргондо аялына бычак сайган адам кармалды

Базар-Коргондо аялына бычак сайган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 32 жаштагы Х.Г. аттуу жаранды өз үйүндө күйөөсү бычак менен сайып, качып кеткен.

"Натыйжада Х.Г. денесинен жаракат алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Окуя орун алган учурда колдонулган далил буюмдар алынып, шектүү катары 33 жаштагы Р.Х. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан