Санкт-Петербургда Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар жетекчисин тоноп, курулуп бүтө элек имаратка камап коюшкан

Санкт-Петербургда Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар жетекчисин тоноп, курулуп бүтө элек имаратка камап коюшкан. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнда болгон.

"Маршал Казаков көчөсүндөгү турак жай комплексинин курулушунда иштеген 4 мигрант менен жетекчисинин ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Кыргыз өлкөсүнөн келген курулушчулар Украинанын жараны болгон бригадирин сабап, 15 миң рубль өлчөмүндөгү акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан кийин бригадирди 16 кабат имараттын 5-кабатындагы бөлмөлөрдүн бирине камап салышкан. Бригадирдин камалып жатканын билген инженер курулуш жетекчисине кайрылып, ал полицияга кабар берген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jasa
2019-06-20 19:21:56
Не деп жазсам эми,ит болдунар,уят болдук деп кыйкырайын десем,иштетип туруп акчасын бербей койсо ошентет да дегим келди()
+10
Dembele84
2019-06-20 19:59:10
Бригадирлер да кээде аша чаап кетишет да,айла жоктун ишин кылышкандыр да
+13
suban78
2019-06-20 23:11:00
Акчасын бербей куйдурсо айла жоктон ошол жолго баргандыр да. Анан эмне кылмак эле, иштеп, иштеп куру кете бермек беле. Туура кылышкан.
+8
Jelezo
2019-06-21 00:26:12
Айла кеткенде ошентишти да эми сынбагыла 2, 3 жылга камап коюшу мүмкүн арыз жазса
+6
Pamirlan
2019-06-21 09:42:35
Байкуш элим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан