Ат-Башы районунда "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 6 мүчөсү кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 6 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган уюм 19-июнда УКМК жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган.

Кызматкерлер кармалган жарандардын жашаган жерин тинтүүгө алышып, жыйынтыгында уюмдун китептерин, документтери жок курал, дары салынган металл идиш, ноутбук, телефон жана SIM-карталар табылган.

Бул факты 314-берене "экстремисттик уюм түзүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2019-06-21 09:00:20
Эми булар кыргыздарбы? Чала сабаттуулуктун кесепети, караңгылык эмнеге алып бараар экен
+1
elchi84
2019-06-21 09:29:30
Чала сабаттуулук.
+1
Rusi79
2019-06-21 14:44:06
Ниети жамандарды аллахым озу жазаласын
-1
Sajakat14
2019-06-22 18:55:23
Мектеп жетишпейт Кыргызстанда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан