Бишкекте тыюу салынган жерге таштанды төккөндөргө салынган айып пулдун көлөмү 1 айда 606 миң 500 сомду түздү

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдиргенине ылайык, 1 ай аралыгында шаар ичинде таштандыны атайын төгүлчү жерге төкпөй, ар кайсы жерге таштап кеткендерге салынган айып пулдун көлөмү 606 миң 500 сомду түздү. Мэрияга караштуу санитардык-экологиялык инспекция бул боюнча өз ишин улантууда.

"15-майдан 18-июнга чейинки иштин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын тартип бузуулар кодексинин 70-71-119-1 жана 120-беренелерин бузгандарга карата 87 протокол түзүлдү. Ага салынган айып пулдун көлөмү 815 миң 500 сомду түздү. Анын ичинен 72 протокол боюнча айып салуу токтому кабыл алынып, ага салынган айып пулдун суммасы 606 миң 500 сом болду", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан