Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен башталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалымат ылайык, кино кербендин ачылышы Таласта бүгүн, 21-июнь күнү өтүүдө. Анда Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмалар – Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" жана Төлөмүш Океевдин "Улан" аттуу тасмалары көрсөтүлөт. Кино кербен өлкө боюнча өтүп, 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында аяктайт.
Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 жолу алган жалгыз актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Замандаштарынын айтымында, Сүймөнкул Чокморовдун мүнөзү токтоо, боорукер, антка бекем, айкөл, кыргыздын каада-салтын бекем сактаган адам болгон. Ошондой эле актёр мыкты ырдап, комузда жана домбрада ойной билген. Сүймөнкул Чокморов - көркөм сүрөт жана графика жанрындагы 800гө жакын чыгарманын автору.