Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда милиция кызматкери кафеден балта уурдап кеткен (видео)

Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда шаардын ВДНХ аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөп турган Октябрь РИИБинин кызматкери, милициянын майору Н.К. кафелердин биринен балта уурдаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, видеобайкоодон милиция кызматкери кафенин аймагына кирип, эч ким жок экенин билген соң балтаны алып атайын кийиминин жеңине салып кеткен.

Белгилүү болгондой, кафенин кожоюну Октябрь РИИБине караштуу №4 милиция бөлүмүнө кайрылып, уурулук жасаган милициянын майоруна чара көрүүнү, уурдалган буюмду кайтарып берүүсүн сураган. Бөлүмдүн башчысы окуяга чара көрүүнүн ордуна жарандын кайрылуусун жоопсуз калтырган.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы аталган факты боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2019-06-21 11:47:02
Куну балтага тушкон экен да майордун, балта менен чинди булгабадынбы эми.
+13
katerina.li
2019-06-21 12:47:47
Уят. Позор. Клептоман. Позор. Абийир намыс деген жок. Позор
+8
tynar92kg
2019-06-21 14:33:07
Оздору уурулук кылса. Анан кайсыл ууруну Кармап кылмыштуулукту азайтмак эле булар. Кайра уурулар менен тен болушуп алышса керек. Сен мен корбодум, мени сен корбодун деп.
+4
KaGaH
2019-06-21 14:36:24
Ичим эзилди күлө берип)))
+4
KAYRATBEK
2019-06-21 16:40:58
Белгилуу инсаныбыз айтмакчы. Кыргыстан уникалдуу элбиз кудайдын куттуу куну ичти эзчуу жанылыктарды. Маанай которулуп калды спасибо майор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан