"Пенсияга чыктың деген документ үчүн 22 миң сом". Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Социалдык фонддун Сузак району боюнча бөлүм башчысынын орун басары өзүнүн иш бөлмөсүндө жергиликтүү тургундан 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Социалдык фонддун кызматкери пенсияга чыгаруу үчүн документтерди жасоого пара сурап, 22 миң сом талап кылган. Кармалганга чейин ал 13 миң сом алган эле.

Кармалган чиновник Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн, 21-июнда сотто анын баш коргоо чарасы каралат.

Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жерден кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2019-06-22 08:42:29
Жакшы болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан