
Бишкек ШИИББи Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда шаардын ВДНХ аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөп турган Октябрь РИИБинин кызматкери, милициянын майору
Н.К. кафелердин биринен балта уурдаган видео боюнча билдирүү таратты.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аталган видео ШКУнун саммити учурунда милиция коомдук тартипти көзөмөлдөп жаткан учурда тартылган. Милиция кызматкери жол боюнда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөгөндүктөн тамак жылытып алуу үчүн жакын кафелердин бирине кайрылган. Кафенин кожоюну кафенин аймагына кирип балтаны өзү издеп ала берүүсүнө уруксат берген, кафенин аймагындагы жарандар күмөн санабасын деп балтаны жеңине салып чыккан. Бир канча убактан кийин милиция кызматкери балтаны кайра алып келип берген. Кожоюн милиция кызматкерлерине ШКУнун саммити учурунда тартипти көзөмөлдөгөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип дагы жардам керек болсо кайрылуусун айткан", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин кафенин кожоюну Октябрь РИИБине караштуу №4 милиция бөлүмүнө кайрылып, уурулук жасаган милициянын майоруна чара көрүүнү, уурдалган буюмду кайтарып берүүсүн сураган. Бөлүмдүн башчысы окуяга чара көрүүнүн ордуна жарандын кайрылуусун жоопсуз калтырганы
айтылган.