22 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектүү деп 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнга караган түнү саат 03:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө белгисиз жаран денесинин бир нече жерине бычак сайылып, оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Алдын-ала текшерүү учурунда 22 жаштагы А.Б. Базар-Коргон айылы аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун 550-чакырымында жолдун четинде белгисиз атуулдар тарабынан 5 жерине бычак менен жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жол четиндеги арыктан 1 даана бычак, жол жээгинен канга окшогон заттын калдыктары алынган.
Бул каргашалуу окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Бул кылмыштын бетин тез арада ачуу боюнча Базар-Коргон РИИБнин КМКнын тажрыйбалуу опер-кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада аталган кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 19 жаштагы Т.Б. кармалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.