2019-жылдын 19-июнунда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын ортосунда болгон массалык мушташка катышуучулардын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча Кыргыз өлкөсүнүн ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан төмөнкүлөр аныкталган:
2019-жылдын 19-июнь күнү саат 05:33 чамасында полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москва шаарынын Большая Семёновка дарегинде кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы кабарланган. Ал окуядан улам Кыргыз жараны, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 1999-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Орусиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип жүргөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, “Ысык-Көл” ресторанынын жанында эки топ болгон 10-15 кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгын аныкташкан. Мындан сырткары, 3 Кыргыз жараны Москва шаарынын ооруканаларына жеткирилгендиги маалым болгон:
- Бахрушиндер атындагы шаардык клиникалык ооруканасына кабыргасы сынып, көкүрөк тушунан бычактан алган жаракаты менен Ош облусундагы Өзгөн районунда 1999-жылы туулган Кыргыз жараны;
- Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына бычактан белинен алган жаракаты менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2000-жылы туулган Кыргыз жараны;
- Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына башынан алган жаракаты менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1999-жылы туулган Кыргыз жараны түшкөн.
Жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган Ы.Н. аттуу Кыргыз жараны кылмышка шектелип кармалды. Ал 20-июнь күнү Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда каза болгон жигиттин туугандары тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин “Жүк-200дү” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.
Мындан сырткары, Орусиянын ИИМинин Москва шаарынын Соколиная гора районунун бөлүмү тарабынан мушташтын айынан денелеринен ар кандай жаракаттарды алган 3 жаран боюнча да кылмыш иши козголду. Бул факты боюнча кылмыш жасоого айыпталып, Ош облусунун Өзгөн районунда 1998-жылы туулган Кыргыз жараны К.Ч. кармалды.
Ошондой эле бул кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.