Тоңдо кызганычтын айынан аялын өлтүрүүгө шектелген жарандын баш коргоо чарасы каралды. Маалыматты Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Тоң райондук соту тергөө иштери бүткөнгө чейин шектүүнү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин чыгарган.
16-июнда Ысык-Көлдө кызганычтан улам күйөөсү аялын атып салганы айтылган. Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя Көл-Төр айыл аймагындагы жайлоодо болгон. Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну өзүн-өзү атып алды деген билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 29 жаштагы К.И. аттуу жаран А.Н. аттуу жубайы менен мал багып келүү үчүн жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөнү аныкталган. 16-июнь күнү кызганычтан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын атып салган. Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.