Казакстанда өтө турган кинофестивалга жаш режиссёр Бекзат Пирматовдун тасмасы катышат

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтө турган эл аралык "Евразия" кинофестивалына кыргыз режиссёру Бекзат Пирматовдун тасмасы катышат. Иш-чара 30-июнда болорун Кыргыз кинематографисттер союзунан билдирди.

Маалыматка ылайык, бир аптага созулган фестивалдын негизги бөлүгүндө "Аврора" толук метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. Тасма СССР убагында курулган Ысык-Көлдөгү ири пансионат тууралуу жана Советтер Союзу кулагандан кийинки абалды чагылдырат.

"Евразия" эл аралык кинофестивалы 1998-жылы негизделген. Фестиваль Борбордук Азиядагы ири кинофорум болуп саналат. Иш-чаранын максаты аймактагы киноиндустрияны колдоо жана өнүктүрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан