Юстиция министринин орун басары болуп Марат Канулькулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы дайындалган орун басар Юстиция министрлигинин жамаатына тааныштырылды.
Марат Канулькулов 1975-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1996-жылы Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Кесиби боюнча юрист.
2002-жылы жактоочулук ишмердигин жүргүзүүгө укук алган.