Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу Кытайдагы "World’s Got Talent" сынагынын финалына чыкты

Кытайда өтүп жаткан "World’s Got Talent" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу финалга чыкты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Тотем шоу" тобу финалга өтүп, 2019-жылдагы дүйнөнүн 8 мыкты артисттеринин катарына кошулдук. Аталган долбоорго 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Долбоордун жарым финалында АКШ, Венгрия, Монголия, Испания жана Ирландия өлкөлөрүнүн таланттары менен ат салыштык. Учурда финалга кызуу даярданып баштадык. Финал 2019-жылдын 11-июлунда Кытайдын Чанша шаарында болот", - деген ал.

Ошондой эле бийчи Атай Өмүрзаков бардык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирген.

Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу Кытайдагы "World’s Got Talent" сынагынын финалына чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kamchy-bek
2019-06-22 12:34:51
Азаматтар,
+7
Akshumkar
2019-06-22 12:49:37
Мыкты мыкты азаматтар кичине видеонун сапатын жакшысын киргизип койсонор жакшы болот эле
+7
oroskulov1988
2019-06-22 14:11:59
Кыргыздын жузу дуйнолук аренада
+2
Topchubai
2019-06-22 14:49:03
Мынаке элиталар.
+4
akmanai
2019-06-22 17:31:01
Кытай деген Кытай. Коп тараптан онуккон гулдогон мамлекеттердин бири. Ошондой чон олкодо биздин бийчилер финалга чыгышканы бизге чон сыймык. Буга чейинки коп мамлекеттерден алып келишкен жеништери учун чон рахмаат,Атайга жана анын командасына!Мындан кийинки мелдештерде да ийгиликтер коштой берсин! Силер менен сыймыктанабыз!
0
OMURBEK.
2019-06-22 18:26:58
Микроскоп менен коро тургандай кылбай жакшылап чыгарып койсонор боло
+3
Dembele84
2019-06-23 02:11:38
Атайлар бул жакта финалга чыкса,дагы башка ушундай бийчилерибиз Американы тан калтырып баарын туруп алып кол чаптырып журушот.Азаматсынар !!!
+1
Mavlyuda
2019-06-24 07:43:49
Силер менен сыймыктанабыз. Азаматсың Атай. Ушундай таланттарды дүйнөлүк аренага алып чыгууга сенин жеке аракетиң кетти. Аллахтан башка эч кимден колдоо көрбөсөң да ушунчалык даражага жетүүнүн өзү не деген эмгек. Мамлекет эми жардам бербесе дагы бир жолу уят болушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан