Орусияда массалык мушташтан каза болгон 20 жаштагы жарандын сөөгү мекенине алынып келди

Орусияда мигранттардын ортосунда болгон массалык мушташтан каза болгон жарандын сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун ата-энесинин кошуналары билдирди.

Алардын айтымында, каза болгон 20 жаштагы жарандын сөөгү бүгүн, 22-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарына саат 12:00дө алынып келди.

"Каза болгон жигит үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары абдан жакшы адамдар. Ал мектепти аяктагандан кийин университетке сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, Орусияга иштегени кеткен. Анын сөөгү эртең жерге берилет", - деди атын атагысы келбеген кошунасы.

Окуянын чоо-жайы:

19-июнь күнү саат 05:33 чамасында полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москва шаарынын Большая Семёновка дарегинде кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы кабарланган. Ал окуядан улам Кыргыз жараны, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 1999-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Орусиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Turdakun85
2019-06-22 19:43:50
Бөтөн эл бөтөн жерде бири бириң менен мушташкандын балакетин аласыңарбы жөн эле кысчу жериңерди кысып тынч эле жүрбөйсүңөрбү башка кыргыздарга да залакаңарды тийгизбей маркумдун арты кайрылуу болсун ата энеси ага туугандарына сабыр берсин аллахым
+7
Karakash
2019-06-22 20:49:34
Ботон жерде жургон жарандарыбыз, бири-биринер менен ынтымактуу болгула. Муштум менен эч нерсе чечилбейт. Аягы барып кайгылуу окуя менен аяктайт.
+4
farida.kg.1991
2019-06-23 00:56:41
Он гулунун Бир гулу ачыла Элек бала Экен жайы жаннатан Болсун Ата энесине сабыр тилейбиз
+3
KaGaH
2019-06-23 02:56:55
Кафе,ресторан,ночной клуб дегендерди жабыш керек, Кыргызстандан келген кайырчы ырчылардын концерт коюсуна тыю салыш керек,иштегени келгенден кийин көчүкту кысып иштесин мигранттар
+8
kayratbek81
2019-06-23 03:45:12
Урматтуу кыргыз элим!Кафе ресторандарды жабыш керек.Ким жабат?Россияда чон бизнес бул кимдер биролор учун,бирок бираз акча тапкан балдар жпштар чогулушуп ичип чегишкенден кийин,баары жолборс ,маймыл жырткыч себеби мен эки жолу кубо болдум.Адамдын омуру ден соолугу уруп ойнобойт.Ал адамдын балачакасы Ата энеси кутуп жатат ,аман эсен келсин,сарсаанаа болуп,жол караган ата энелер кайран кыргыз элим! Сабыр сабыр
+2
mbmur
2019-06-23 12:09:03
Кебетеси деген орой угулат.Азиат тусполундогу деп сыпайыраак жазсанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан