Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айылында үйгө чагылган түшүп, үй-бүлө мүчөлөрү жаракат алды. Бул тууралуу Базар-Коргон аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Ажиматов билдирди.
"Жабыркагандар бүгүн саат 12:30да ооруканага келип түшкөн. Алар 61 жаштагы И.Ж., 32 жаштагы М.А., 9 жаштагы А.М., 7 жаштагы Т.Д., 2 жаштагы Т.А., 4 айлык А.М. жана 22 жаштагы Н.К.кызы экени аныкталган. Жабырлануучулардын эч кимиси оор жаракат алган эмес. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат", - дейт Ажиматов.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя бүгүн эртең менен болгонун, бирок расмий түрдө билдирүү келип түшпөгөндүктөн маалымат каттоого алынбаганын билдирди.