Чүй облусунун Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдар өз атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына балдардын апасы Айпери Исраил кызы билдирди.
Анын айтымында, окуя кечээ, 21-июнь күнү кечке маал болгон.
"Мен Сокулуктагы айылдардын биринде саанчы болуп иштейм. Кече жумушка кеткенде жолдошум ичимдик ичип келип балдарымды сабаптыр. 3 жашар баламды экинчи кабаттан 1-кабатка ыргытып жиберген окшойт. Себеби ызы-чууну угуп келсем, балам 1-кабаттын тепкичинде жатыптыр. Азыр абалы оор. Ал эми жолдошумду милиция кызматкерлери кармап кеткен. Өз балдарына кол салган адамдын камалышын каалайм", - деди балдардын апасы.
Сокулук аймактык ооруканасынын директору Совет Сооронбаев эки баланын тең абалы оор экенин билдирди.
"Балдардын бири балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, экинчиси палатада жатат. 3 жаштагы бала баш мээсинен жаракат алган. Ал ооруканага түшкөндө эс-учун билбей келген. Бүгүн таңкы саат 6:00дө өзүнө келип, 2 сааттан кийин кайра эсин жоготту. Дене табы дагы 39дан түшпөй жатат. Бир туугандардын катуу коркуп калганы байкалып турат. Эсине келгенде чочуп, коркуп, анан ичип жаткан тамагын да билбей жатышат. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тийиштүү иштер аткарылып жатат", - деди дарыгер Сооронбаев.
Ал эми Чүй ОИИББи ушундай факты катталганын тастыктады.