Мас атасы балдарын сабаган окуя. Эненин күйөөсүнө эч кандай доосу жок

Чүй облусунун Сокулук районундагы аймактык ооруканага сабалып, оор абалда түшкөн 3 жана 5 жаштагы бир туугандардын окуясы боюнча облустук милиция билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 3 жана 5 жаштагы балдар денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөнү кабарланган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, балдардын энесин суракка алышкан. Ал 21-июнь күнү саат 20:00 чамасында кошуналарынан "күйөөң балдарыңды сабап жатат" деген кабарды угуп, үйүнө келгенде балдарынын бири жерде, экинчиси анын жанында отурганын көргөн.

"Үйгө келсем жолдошум мас абалында балдарымды сабаган экен. Ошол замат "Тез жардам" кызматын чакыртып, балдарды бейтапканага алып бардым", - деп айтып берген эки баланын энеси.

"26 жаштагы эне алгачкы суракта эле күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, 144-берене ("уруп-согуп кыйноо") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми балдардын 26 жаштагы Ч.К. аттуу атасы күнөөнү моюнуна алган эмес. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды" , - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин эки баласы атасы тарабынан сабалганын балдардын энеси SUPER.KG порталына билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
HanTegin
2019-06-23 09:46:14
Кечээ эле ойлоп койдум эле,эми ушу келин кайра доом жок деп чыкпаса болду деп. Кечээ эле 2-этаждан ыргытып жиберди деп жатпады беле? Акмактар экен. Баланы урган колун сындырса,
+13
janym_balam
2019-06-23 10:51:38
HanTegin,Биздин мыйзам өлгөн да. Кылмыш кылса деле доом жок десе бошотуп жиберет. Жок дегенде 1-2 ай камап өзүн сабаш керек.
+8
daniel87
2019-06-23 15:10:12
HanTegin,мамлекеттик органдар козомолго алып, куйоосун психотерапиядан откозуш керек, эгерде кагдайдыр бир белгилеп пайда болсо убактылуу аталык укуктан ажыратыш керек болот.
+2
Agayu
2019-06-23 12:45:16
Эми акылына келип уй булоосун аялын сыйлап жашаса , акмактык кылып аялым коркот деп лзун зоокур ойлоп дагы кылса анда чыныгы акмак болот да Ак Шооладагы киного окшобой
+1
Tursunbaev2017
2019-06-23 12:52:53
Кайын журтунан кысым болсо керек?жеке пикирим
+9
Nurmatova.
2019-06-24 06:51:45
Tursunbaev2017,чыын
+3
Flowhive
2019-06-23 14:21:25
Эми урса да ушулардын атасы, өгөй атасы эле жыргатат беле дейт,э биз да мас атанын кандай болорун көрө берип кичинекей маалда
+3
daniel87
2019-06-23 15:08:34
Бул уй булоого мамлекет тараптан козомол жана финансы, моралдык жактан жардам керек! Куйоосу катту депрессияда, же психикалык жактан жабыркаган, балдар жакшы болуп аттай болуп айыгып арабызга аралашсын
+7
katerina.li
2019-06-23 21:13:43
daniel87,кыйраттын. Жалкоолук бул. Эч нерсе кылбай арак ичип журсо анан депрессия болот да
+2
Samieva8890
2019-06-24 01:14:52
Аталык укугунан ажыратышсын. Келин балдарым атасыз осуп калат дегенго.Мындай атанын барынан жогу.
+3
munduz2016
2019-06-24 06:34:59
Ыйман ынсап берсин баарыбызга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан