Бүгүн, 23-июнда Сокулук районундагы мал базарда мушташ чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБиден билдиришти.
Маалым болгондой, саат 14:20 чамасында ооруканага бычактан жаракат алган жаран жеткирилген. Жаракат алган адам 34 жаштагы Беловодск айылынын тургуну экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мал базарда бир киши менен мушташа кетип, бычактан жаракат алган.
Бул окуя боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда бул мушташка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш жүрүүдө. Тергөө иштери уланууда.