23-июнда Сокулук районундагы мал базарда мушташ учурунда бир адамга бычак сайганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 14:20 чамасында ооруканага бычактан жаракат алган жаран жеткирилген. Жаракат алган адам 34 жаштагы Беловодск айылынын тургуну экени аныкталган.
Бул окуя боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталып, мушташка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш жүргүзүлдү. Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы А.А. аттуу адам кармалды. Факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.