Кара-Суу районунда унаа сууга түшүп кетти. Окуя 22-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 30-чакырымында болгон. Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен Жигули үлгүсүндөгү унаада 43, 41 жана 10 жаштагы жарандар бара жаткан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
23-июнь күнү унааны суудан чыгаруу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, 7 суучул жана Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран барган.
Кечээ саат 09:00дө унаанын айдоочусу 1976-жылы туулган С.М., саат 10:30да 2009-жылы туулган Ж.Ш., саат 16:30да 1978-жылы туулган Т.А.нын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Мындан сырткары унаа суудан чыгарылган.