Чүй облусунун Сокулук районундагы 3 жана 5 жаштагы бир туугандарды сабаганга шектелип, алардын атасы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
“Бул окуя боюнча балдардын энеси күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, 144-берене ("уруп-согуп кыйноо") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми балдардын 26 жаштагы Ч.К. аттуу атасы күнөөнү моюнуна алган эмес. Ошол эле күнү Ч.К. кылмышка шектүү катары кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды”, - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин эки бала атасы тарабынан сабалганын балдардын энеси SUPER.KG порталына билдирген.