Мыйзамсыз жол менен өлкөгө киргизилип жаткан 59 миң 500 куту тамеки кармалды

Кечээ, 23-июнда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан өлкөгө мыйзамсыз киргизилип жаткан товар кармалды. Анда акциздик маркалары, тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок тамеки продукциясын алып өтүп бара жаткан автомашина аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Бардыгы болуп болжол менен 3 миллион сом суммадагы 59 миң 500 кутуча тамеки аныкталган. Тамеки буюмдары менен автомашина убактылуу токтотуучу жайга коюлду. Бул боюнча топтолгон материалдар мыйзамга ылайык мындан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан