Кадамжайда 12 жаштагы кыз каналга түшүп кетип, каза болду

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда каналга түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Кайтпас айылында 22-июнда саат 16:00 чамасында 2007-жылы туулган кыз каналга түшүп кеткен. Издөө иштерине 45 адам катышты. Караңгы түшкөндөн кийин саат 21:30да издөө иштери токтотулган. Кыздын жансыз денеси каналга түшүп кеткен жерден 10 чакырым алыс аралыктан табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан