Кыргыз өлкөсүндө мектепте окуган балдар жана кыздар насвай тартышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда адис билдирди.
Анын айтымында, өспүрүмдөрүн арасында тамеки чеккендердин саны азайып, насвай тарткандардын саны өсүүдө. "Тамеки чеккендер насвайга же электрондук тамекиге өтүп жатышат. Бул зыяндуу каражаттарды пайдаланууну көзөмөлгө алуу керек. Өлкөгө электрондук тамекилер мыйзамсыз алынып келүүдө. Насвайды жасоодо курамы боюнча талаптар аткарылбай жатат", - деди депутаттарга адис.
Аталган комитетте насвай, кальян жана электрондук тамекилерди сатууну көзөмөлгө алган мыйзам долбоору 1-окууда каралып жактырылды.