Бишкекте АКШ элчилигинин кызматкери жөө адамды сүзүп кетти

Бишкекте АКШ элчилигинин кызматкери жөө адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июнда саат 17:30дарда болгон.

"Лексус RX350 унаасын башкарган 51 жаштагы М.К. аттуу жаран Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып жөө адамды сүзүп кеткен. Чогулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди" деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу Нурайым Айткулова айдоочу жөө адамды сүзгөндөн кийин унаадан чыккан эмес деп жазып чыккан. "Менин таанышымды АКШ элчилигинин кызматкери унаасы менен сүзүп кетип, окуя болгон жерден кетип калган. Аны бул окуянын күбөсү болгон адам унаасы менен жетип токтоткон. Бирок ал унаасынан түшпөй койгон" деп жазган.

Бул окуя боюнча SUPER.KG порталына АКШ элчилигинин кызматкери Турат Макенбаев жооп берди.

"АКШ элчилиги 18-июнда элчиликтин кызматкери катышкан жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган жаш жигитке көңүл айтты. Жол кырсыгынан кийин элчиликтин кызматкери унаасын жолдун четине токтотуп, дароо эле күч органдары менен кызматташкан. Элчиликтин өкүлдөрү күч органдары менен кызматташып, жаш жигиттин бакубаттуулугун камсыз кылуу жана маселени чечүү максатында аны менен байланышты" деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
senchi
2019-06-24 16:56:33
Жоопко тартылсын, эмне адамдын өмүрү бир тыйынчалык болуп калдыбы? Ошол кызматердин өзүн суйрөткүлө өзүнүн унаасына.
+3
Beksultan01
2019-06-24 20:49:38
senchi,элчилер эч качан жоопкерчилик тартылбайт. Адам каза болсо да камака алынбайт.
0
Sajakat14
2019-06-24 22:00:27
Быйыл элчилерге эмне болгон?
0
Sajakat14
2019-06-24 22:02:02
Жаш жигит оо дүйнөгө кетсе, элчи болгону үчүн эле эркиндикте жүрө берет экен да. Кудай өзү тараза болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан