Сүрөткө түшөм деп жатып Аламүдүн суусуна агып кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Аламүдүн суусуна агып кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-июнда болжол менен саат 13:00 чамасында ӨКМнын куткаруучулары кыздын денесин "Теплые ключи" бассейни жактан таап чыгышты.

Окуя 23-июнда кечки саат 19:00 чамасында Кой-Таш айылындагы "12 каминов" эс алуу комплексинин жанында болуп өткөн. Маркум 16 жаштагы И.Д. шаардык мектептердин биринин 9-классынын окуучусу. Ал курбусу менен суу жээгинде сүрөткө түшөм деп жатканда буту тайып сууга кулап кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалганын маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MEN95
2019-06-24 17:45:24
Ар дайым БИСМИЛЛА деп журолу. Аллах сактайт
+5
tular
2019-06-24 18:40:35
Ал жактан жылда эле адамдар агат сууга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан