24-июнда өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Берилген аттестаттар ката жазылгандыгы тууралуу сүрөт социалдык тармактарга жарыяланып, колдонуучулар тарабынан сынга алынууда. Жарыяланган сүрөттөн аттестатка жазылган "жөнүндөгү" деген сөз "жөнүҢдөгү" болуп жазылганын көрүүгө болот.
Өлкө боюнча быйыл 11-классты 65 миң, ал эми 9-классты 96 миң окуучу аяктап жатат. 9-класстын окуучулары күбөлүктү 21-июнда алышкан.