Чоң Чүй каналында агып келе жаткан аял жээктеги бактарды кармап аман калды

Интернетте Чоң Чүй каналында агып келе жатып жээктеги бактарды кармап, аман калган белгисиз аялдын видеосу тарады. Анда белгисиз адам сууда бакты карманып турган аялга "Эже жашоо керек. Сизди Кудай сактаптыр. Бак болбогондо алыска агып кетмек экенсиз" деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Видео тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү билдиришти:

"ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө 21-июнь күнү билдирүү келип түшкөн. Анда белгисиз аял Чоң Чүй каналына агып кетип, суу жээгиндеги бактарга карманып калганы айтылган. Окуя болгон жерге куткаруучу топ баргыча окуянын күбөлөрү аялды куткарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - дейт маалымат кызматы.

Белгисиз жаран атайылап каналга секиргени же кокустан агып кеткендиги тууралуу маалыматы жок экенин басма сөз кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MEN95
2019-06-24 20:22:47
Мунча эле сууга тушуп жатасынар? уйдо эле бир чака муздак суу куйуп алгылачы устунорго.
0
bek.94
2019-06-24 21:43:50
Иии байкуш эже
+3
Jasa
2019-06-24 21:49:02
Кышында авария жайында сууга чогуп кырыла турган болдук,кун алыс чогуп кетти,уруп кетти((
+1
Dembele84
2019-06-25 01:07:26
Чомулгонду билбей эле сууга тушуп алып,чогуп агып кетип жатышат копчулугу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан