Германияда табылган 670 килограмм баңги заты. ИИМ "Элит Шоко" кондитер цехине тинтүү жүргүздү

Германия менен Польшанын чек арасынан аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 670 килограмм баңги заты табылып, жүктү алып бара жаткан унаа Кыргыз өлкөсүнөн чыкканы айтылган.

Бул боюнча 20-июнда Бишкектеги "Элит Шоко" кондитер цехинин ээси Аида Жолдошева суракка чакыртылганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлаган. Ал эми бүгүн, 24-июнда Ички иштер министрлиги аталган цех кызматкерлер тарабынан тинтүүгө алынганын айтып, бирок кошумча маалымат билдирген жок.

Окуянын чоо-жайы:

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан жүк ташыган унаа 31-майдан 1-июнга караган түнү Германиянын Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынып, унаада 670 килограмм баңги заты табылган. Таңгакталган жүктө "Түркиянын балы" деп жазылган. Жалпысынан 531 таңгак текшерилип, анын ар биринде 1,3 килограмм баңги заты болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zaika.tvo9.1990
2019-06-24 21:17:20
Оххооо
+2
Aza17
2019-06-24 21:30:29
СНГ олколору аркылуу 10т болсода акчасын берсе откоруп жиберет анткени корупция гулдогон. Европада мыйзам эл учун иштейт.
+5
NURSAPAR
2019-06-24 21:31:36
Оууу,боп кетмек экен да бирөөлөр.
+2
bond02
2019-06-24 21:40:03
Ушинтип биздин олконун бетине коо суртосунор да, мынтип жатсанар кайдагы экспорт башка олкого.
+3
Sajakat14
2019-06-24 21:56:46
3 күндөн кийин араң текшериштиго? Эмне мынча кеч тинтишет?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан