Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйөөсү аялына бычак сайды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июнь күнү болгон. Анда аялы менен күйөөсү чырдаша кетип экинчиси бычак сайган.
"Жабырлануучу аял Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда абалы туруктуу. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү катары кармалган күйөөнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка киргизилди. Учурда тергөө иши башталды", - деди басма сөз кызматы.