2019-жылдын 4-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун РИИБине К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол күнү таңкы саат 5:00дөр чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан дүкөнүн белгисиз адамдар тоноп, тамеки жана таттуу азыктарын алып кетишкени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене ("уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жүргүзүлгөн издөө жана териштирүү иштердин натыйжасында окуяга шектелип 1993-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.