"4 ай мурда сабалган жаран менен аялымдын байланышы бар экенин билип, ажырашып кеттим". Сокулукта айылдык кеңештин депутаты сабалганы айтылууда

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында 48 жаштагы жаран айылдашы тарабынан сабалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сабалган 48 жаштагы жарандын окуясына шектүү кармалды.

"24-июнь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү Чүй айылынын тургунун бир канча адам сабап кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобуна 22 жаштагы А.Т. аттуу жаран атасын сабап кеткен жарандарга чара колдонуп берүүнү айтып арыз жазган. Ал эми жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене "бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринде шектүү катары 38 жаштагы М.З. аттуу жаран кармалган. М.З. сурак учурунда 4 ай мурда жабырлануучу менен аялынын байланышы бар экенин билип, ажырашып кеткенин айткан. Мындан улам шектүү менен жабырлануучу жарандын ортосунда пикир келишпестик болуп турган. Алар 24-июнь күнү саат 19:30 чамасында жолугушуп, пикир келишпестиктен улам ортодо мушташ чыккан. Мындан улам жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Айрым маалыматтарда сабалган жаран айылдык кеңештин депутаты экени айтылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Agayu
2019-06-25 11:46:20
ХХХХХХХХХ качан уйронобуз Кыргыз элим .Озбек туугандарды карагыла Ош окуясынан кийин сраз бутка туруп кетишти .Алар ХХХХХХХХ билишет.
+1
shankol88
2019-06-25 12:15:49
Аялы менен жүргөнү анык болсо дагы көбүрөөк урбаптыр...бүрөөнүн аялы менен жүргөндөргө катыгыраак жаза болгондо жакшы болот еле...
+3
zhykyo
2019-06-25 13:01:24
Ойноп жургон экен да
0
nurka_85
2019-06-25 14:20:49
Уй булоолуу эркек, уй булоолуу аял...
Саяк журсо таяк жейт да.
Ушундай бузукуларга дагы бир жаза киргизип койсо жакшы болот эле. Тилекке каршы мындайлар коп болуп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан