Шоу-бизнестин өкүлдөрү дайыма элдин көңүл борборунда болуп келет. Ырчы, актёр, күлкү жаратуучу, алып баруучу болобу алардын түгөйлөрү дагы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат. Учурда белгилүүлөрдүн жубайлары сулуулук жаатында иш алып барат. Бирок алардын чыныгы кесиби кайсы экенин билесизби? Эмесе, белгилүүлөрдүн түгөйлөрү тууралуу сөз кылабыз.
Ырчы Арсендин жубайы Бегайым Улуттук университетти аяктаган, кесиби - менеджер. Бирок окуусун аяктап, сулуулук салонунда каш-кирпик жасап иштейт.
Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун жубайы Кымбат Азисова кесиби боюнча актриса. Турмушка чыккандан кийин сулуулук тармагына өтүп, учурда кыздарды сулуулап, окуучуларды дагы тарбиялап келет.
"Нон-Стоп" дуэтинин мурдагы солисти, ырчы Максат Садырбековдун келинчеги Айсулуу Молдалиева визажист болуп эмгектенет. Айсулуу хореографиялык училищеде окуган, кесиби боюнча бийчи. Бирок бутун сындырып алгандан кийин визажист болууну чечкен.
Актёр Кубанычбек Курманбековдун өмүрлүк жары Замира Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Турмушка чыккандан кийин сулуулук тармагына келип, каш-кирпик жасоо менен алектенет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин кесиби - журналист. Ал бир нече жылдан бери сулуулук салонун иштетип келет. Ырчы Ильяз Андаштын өмүрлүк жары Сүйүү Шейшекеева бош убактысын кирпик жасоо менен өткөрөт. Ал медициналык колледжди аяктаган.
Актёр, тамада Самат Эркинбековдун жубайы Чолпонай сулуулук кызматын көрсөтүп иштейт. Турмушка чыкканга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде телефон чалууларга жооп берип, оператор болуп иштеген.
Мындан тышкары ырчы Айдана Декага сүйүктүүсү Аваз Акимов салон ачып берген. Учурда ырчы ал тармакты өздөштүрүүдө. Ал эми ырчы Кызсайкал Бөрүбаева 14 жашынан тарта сулуулук жаатында иштеп, бүгүнкү күндө өзүнүн менчик салонун ачканга жетишкен.