Таласта 65 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Биринчи Май айылында 65 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү саат 21:50 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу Д.А. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан.

"Маркумга тийиштүү делинген соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Себеби анын денесинен зомбулуктун белгилери табылган. Ал эми бул окуяга шектүү катары аталган райондун Кыргызстан айылынын 44 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү менен маркум 2 күн катары менен ичимдик ичип, ортодо пикир келишпестик чыккан. Каза болгон жарандын 6 кабыргасы сынган. Ал алган жаракаттарынан улам көз жумган деп божомолдонууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "саламаттыкка оор залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEN95
2019-06-25 17:53:39
ошол атын очкур жинди сууну чыгарбай эле койсо жакшы болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан