Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июнь күнү ооруканалардын биринде орун алган. Анда сүннөткө отургузуу үчүн жалпы наркоз сайылгандан кийин баланын аллергиясы башталган.
"Балага наркоз сайылгандан кийин өтө күчтүү жалпы реакция анафилаксиялык шок жүрүп кеткен. Мындан улам бала каза болуп калган. Сүннөткө отургуза турган дарыгер ал ооруканада көп жылдан бери иштеп келген. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деп билдиришти министрликтен.