Ысык-Көлдөгү сүннөткө отургузуу учурундагы баланын өлүмү: 3 жаштагы бала каза болуп калганы боюнча милицияга билдирүү түшкөн эмес

Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калганы боюнча билдирүү милицияга түшкөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен наристе өмүрүн алган окуя ушул айдын башында катталып, учурда бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришкен. Алдын ала берилген маалымат боюнча баланын өлүмү наркоз сайылганда анафилаксиялык шок жүрүп кеткендиктен улам болгон.

"Мындай окуя 9-июнь күнү ооруканалардын биринде орун алганын жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудук. Бул тууралуу маалымат милицияга түшкөн эмес. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nur777
2019-06-25 23:29:57
Бул ошондо Чолпон-Ата шаарында болуп жатабы же Караколдобу?
0
oscar
2019-06-26 04:25:47
Биз өзүбүзчө эл болдук беле суроо? Болсок эмне себептен башка элдердин салтын туураш керек, ырымдаткан билсеңер еврейлердин салты, алардан арабка өткөн, бул эки эл бизге кайнаса каны кошулбайт, акылынар аз болсо айтасыңар, мусулмандар салты деп, еврей менен арабтар бир тууган эл, капыстан бизге киргизип алдыңар, бул боюнча урпактарга жооп берчү мезгил келди урматтуу бир туугандар, башка элдин салтын туурабайлы
-7
AykaMer
2019-06-26 07:40:51
oscar,Бул жазганыңды кандай түшүнсө болот? Сен өзүң түшүндүңбү,не деп койдуң?!Капа болбогун го,Арабтар менен Еврейлердин тили менен дили башка болгону менен динибиз бир эле мусулман бир туугандарбыз.Алар Аллахка ибадат кылат,намаз окуйт,Куран окуйт.Биз кыргыздар деле ошондой.Тем более Куранды арабча айтып окуйбуз.Сен өзү не дегиң келди,мен вообще түшүнбөй калдым?! Сүннөткө отургузганды назарда тутуп жаздыңбы?!
+3
MEN95
2019-06-26 11:26:00
oscar,сен тенирчи окшойсун. тенирчилер озу билет каала ырымдат каала ырымдатпа.Биз тенирге эмес жоктон бар кылып бизди жараткан АЛЛАХХЫМДЫН буйругуна баш ийип жашайбыз.
+2
BubleGum
2019-06-26 13:02:33
Немец окумуштуулары да суноотко отургузуунун пайдалары эркектерге ото зор экенин айтып чыгышпадыбы. Ал жерге местный эле наркоз берилмек, общиц наркоз 3 жашар балага албетте оор келмек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан