Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы бир нече жарандар Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга аткезчилик жол менен товарларды ташуу үчүн активдүү уюшулган топту түзүшкөн.
"Алар атайын түзүлгөн план аркылуу мыйзамдуу документтердин коштоосу жок аткезчилик менен алектенип жүрүшкөн. 2018-жылы Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси "экономикалык аткезчилик" жана 264-берене "улуттар аралык уюшулган топту, улуттар аралык кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө, ага катышууга барабар" менен кылмыш иштерин козгошкон. Соттун чечими менен аткезчиликке жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө айыпталган бир катар жарандар соттолгон.
Ошондой эле Казакстанда дагы бир нече жарандарына карата кылмыш ишин өзүнчө бөлүп алып, аларга издөө жарыяланган. Издөөдө жүргөн адамдар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашырынып жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Аларды издөө боюнча Бишкекте бирдиктүү иш-чараларды жүргүзүү максатында коңшу өлкөнүн ИИМинин криминалдык милиция департаментинен бир нече ыкчам кызматкерлер келишкен", - деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иш аракеттердин негизинде Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринен Казакстандын 29 жаштагы Е.Ж. жана 36 жаштагы А.А. аттуу жарандары кармалышты. Кармалган жарандар Жамбыл облусунун тургундары болушат. Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалышты. Мыйзамга ылайык жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.
Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, өткөн жылдын 16-апрелинде депутаттык мандатынан ажыратылган.